• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Унаа" мекемесиндеги тинтүү учурунда кызматкерден акча каражат табылган эмес – Каттоо кызматы

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Буга чейин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жана автомектептердин кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алып, айдоочулук күбөлүктү алуучу сынакты ийгиликтүү аяктоо үчүн курсанттардан (окуучу) акча талап кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат тараган.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, "Унаа" мекемесиндеги жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кызматкерден акча каражат табылган эмес жана аны кармоо фактысы такталган жок. Бирок тинтүү учурунда Бишкектеги автомектептердин биринин өкүлүнөн акча табылып, кармалган.

Бишкектеги "Унаа" мекемеси штаттык режимде иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий