• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүндө Россиядан автоунааларды алып келүүдө документтер жасалмаланган

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бир катар бөлүмдөрүндө Россиядан автоунааларды алып келүүдө документтер жасалмаланган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагына "Деу-Нексия", "ВАЗ" жана башка үлгүдөгү унаалар Россиядан алып келингендиги жана алар жасалма документтерди колдонуу менен мыйзамдаштырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы ушул жылдын февраль айында Жазык кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган.

"ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан соттун токтомунун негизинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бир нече бөлүмдөрүндө кээ бир иш кагаздардын түп нускалары алынды. Тактап айтканда, транспорттук каттоого байланыштуу документтердин текшерилүүсү "Унаа" мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыгында жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган мекемелерде мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары аныкталды.

Автоунааларды каттоодо документтерди жасалмалоо фактысы боюнча мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган "Унаа" мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын бир катар кызматкерлери жеткирилип, тергөө кызматына сурак беришти.

Иш боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий