• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Унаа" мекемесинин Шопоков шаарындагы бөлүмү дем алышсыз иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. 20-майдан тартып "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Шопоков шаарындагы Сокулук-Москва бөлүмү 7 күндүк иш графигине өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми унаа ээлери аталган бөлүмдө дем алыш күндөрү дагы

Ведомстводон билдиришкендей, унааларды каттоого/кайра каттоого, эсепке алуу/чыгаруу жана жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүүгө же алмаштырууга арыз бере алышат.

"Бул чаралар мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мекеме суроолор боюнча 0312 60-76-34, 60-76-56 номерлери аркылуу байланышууга болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий