• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Унаа” МИ: Жасалма документтерди пайдаланып жүргөн жаран Токмок шаардык милициясына өткөрүлүп берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарында өзүм билемдик менен унаасынын каттоо күбөлүгүнө (тех.паспорт) жасалма жол менен кошумча шаймандарды тагып жүрүүгө уруксат деген өзгөчө белгини бастырып алган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу КИИМдин “Унаа” мамлекттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтсак, жаран Volkswagen Passat үлгүcүндөгү автоунаасын кайра каттоого барганда анын каттоо күбөлүгүнүндө шектүү мөөр менен жасалма кол коюлганын Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкери байкап калган.

Андан соң мекеменин кызматкерлери Токмок шаардык милиция бөлүмүнө кайрылышкан.

ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери күмөн жараткан документтердин баарын Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобуна өткөрүп беришти.

Учурда кылмыш ишинин чоо-жайын териштирүү процесси жүрүп жатат. Мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тергөө органына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий