• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Өткөн суткада өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 7, Ош облусу 1, Баткен облусу 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылындагы Васильевский тракт жолунун боюнда “Mersedes Benz 221” үлгүсөндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ал эми Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Советская көчөсүндө жалпы аянты 18 чарчы метрди түзгөн мончо күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий