• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды - МСК

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу Салык кызматы транспорт каражаттарынын ээлеринен авто унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.

Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат. Атайын чаптамаларды автоунаанын маңдайына чаптап коюу менен айдоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ашыкча токтотуусунан арылат.

4-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда.

Бирок, буга чейин Салык кызматы бир нече жолу эскерткен, мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары 2 миң сом өлчөмүндө административдик айып жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Белгилей кетсек, бул рейд бир гана салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий