• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Унаа салыгын төлөдүңүз беле? – Салык кызматы рейд жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады.

Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулган, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты жеринен төлөшсө, 31не салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди.

Салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгына байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринен авто унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.

Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат. Атайын чаптамаларды автоунаанын маңдайына чаптап коюу менен айдоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ашыкча токтотуусунан арылат.

2-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Белгилей кетсек, бул рейд бир гана салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий