• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 1 миңден ашык айдоочуга айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Республика боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейддик иш-чаранын жыйынтыгында унаа салыгын төлөбөгөн 1 миң 36 унаа ээси аныкталып, аларга айыппул салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматынан белгилешкендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн 10 күндүк иш-чарада 11 миң 670 унаа токтотулган.

"Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 3-сентябрдан тартып Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле шаардык кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, бул жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты, ага кошумча ар бир өткөн күнгө туум төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий