• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Унаа жана жолдор министрлиги кышкысын жолдорду тейлөөнү жеке компанияга берүү сынамык долбоорун киргизди

Коом 0

Бишкек, 25.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Унаа жана жолдор министрлиги кышкысын жолдорду тейлөөнү жеке компанияга берүү сынамык долбоорун ишке киргизди.

“Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын 20-декабрында “Мостдорстрой” ЖЧКсы менен ЦАРЭС 3 (Бишкек – Кара-Балта), Фаза 4, Кара-Балта - Суусамыр (61-129 км) транспорттук коридорун жакшыртуу долбоору боюнча макулдашуу түздү.

Министрликтен такташкандай, компаниянын ишине ведомство көзөмөлдүк кылат. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Эл аралык сынак АӨБ процедураларына ылайык “бир баскычтуу эки конверттүү ыкма” сатып алуу ыкмасы боюнча өткөрүлдү.

Бул сынакка 5 компания катышкан: 3 жергиликтүү, Түркиядан – 1, Кытайдан – 1 компания. Сынакты тендердин бардык талаптарына жооп берген “Мостдорстрой” ЖЧКсы кыргыз компаниясы утуп алган. Долбоордо жолдорду кыш жана жай мезгилдеринде 3 жылдык тейлөө каралган.

Бүгүнкү күнү компаниянын кызматкерлери суукка карабастан, ишти штаттык режимде жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий