• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Автоунаада кыйкырган кызга жардам бербеген автоинспекторлор жазага тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Социалдык тармакта тараган чырлуу тасмадагы жол кыймылынын көзөмөл кызматкерлери жана жетекчилери жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда унаанын ичинде жардам сураган кызга жардам бербей койгон тасма эл арасында кызуу талкуу жараткан. Тасмада көрүнгөндөй, жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери айнеги караңгылатылган унааны токтотушат. Анын ичинде бирөө менен урушуп, жардам сураган кыздын үнү угулат. Бирок, жол көзөмөлдөө кызматкерлери аларга айып жазып гана кое берип коюшкан. Мындан улам бул тасма кызуу талкуу жаратып, ал кызматкерлер катуу сынга кабылышкан. Бул окуя боюнча ИИМ ички иликтөө баштаганын билдирген.

Ички кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында 9 кызматкер - бир катар кызматкер кызматынан бошотулуп, жетекчилери катуу сөгүш алган.

Ошентип, Бишкек ШИИББси боюнча автоинспекция кызматынын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги А. Б. менен милициянын сержанты И. Б. ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Ошондой эле, Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын взводунун ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Н. А., взводдун командири, милициянын подполковниги Д.С., батальон командиринин орун басары, милициянын майору Ж.уулу У., ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Ш. Б., башчысынын орун басары, милициянын полковниги Т. Дга катуу сөгүш жарыяланды.

Ал эми ЖКККБнын штабынын тескөөчүсү, милициянын лейтенанты К. Ига сөгүш жарыяланды.

Аталган башкармалыктын батальонунун командири, милициянын майору Р. К. жазган арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий