• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Унаада шымы жок жаткан милиция кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. ИИМ кызматкери унаада шымы жок жаткан жеринен видео тартылып алынган. Учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык ИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, териштирүүнүн жыйынтыгы чыкканда кызматкерге карата катуу тартиптик чара көрүлөт, жада калса кызматтан да алынышы мүмкүн.

Жарандык активист Болот Ибрагимов унаанын алдыңкы олтургучунда шымы жок жаткан ИИМ кызматкерин видеого тартып алган. Видеодо кызматкер мас абалында болгондугун көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий