• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Унааларды кайра каттоодон өткөрүүнүн жеңилдетилген мезгили жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Бүгүнкү күндө “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан унаа каражаттарын кайра каттоодон өткөрүүнүн жеңилдетилген мезгили жарыяланды.
КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, ведомство 2016-жылдын февраль айынан тартып Бишкек – Кара-Балта авто жолунда (“Риом” авто базарынын маңдайында) КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте тастыкталган бир аппараттык-программалык комплекс орнотулгандыгы тууралуу маалымдайт.

Белгиленгендей, ал ылдамдык режимин бузууну толук кандуу белгилейт жана көрсөтүлгөн комплекстен Тутум аркылуу алынган маалыматтардын негизинде ЖУКту бузуу тууралуу токтом түзүлүп, электрондук-санариптик кол коюлуп, басылып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексине ылайык укук бузуу жасалган унаа каражатынын ээсине жөнөтүлөт.

Ошентип, 2016-жылдын 26-февралынан тартып азыркы күнгө чейин тутум тарабынан 131930 ашык укук бузуу белгиленген. Бирок, менчик ээлери авто унаалардын факт жүзүндөгү ээлерин таба албагандыгына байланыштуу айыптар боюнча өндүрүп алуу 20% ашпай келет.

Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 609-беренесинин талаптарына ылайык, Кодекстин 20-бапында алдын ала каралган жана автоматтык режимде иштеген, фото- жана кино тартуу функциясына ээ болгон тастыкталган атайын контролдоп-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен белгиленген укук бузуу үчүн айып түрүндөгү административдик жаза салуу тууралуу токтомдун аткаруу мөөнөтү 5 жылды түзө тургандыгын эскертип кетмекчибиз.

Министрлик, соттук талаш-тартыштарды болтурбоо максатында, өзүнүн кыймылдуу мүлкүн ажыратууга болгон каттоо иштерин жүргүзүүнүн алдында, фото-видео режиминде белгиленген айыптардын болуусун Колл борбордун 0312 26 64 72, 26 64 28, 26 64 68, 26 64 20 телефондору боюнча унаа каражатын текшерүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий