• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» мекемеси түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп.

«Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу МКК караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жана Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу жана анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, адамдык факторду жоюу үчүн биринчи кезекте «Унаа» ММ ишмердигин толук автоматташтырууну камсыздоо зарыл – бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши керек.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын алдынкы себептери кыйыр түрдө квалификациялык сынактарды алган жана айдоочулук күбөлүктөрдү берген органга тиешелүү, бул тармакты автоматташтыруу боюнча чоң иштерге карабастан, анда жакшыруулар азыркыга чейин байкала элек, бул коррупциялык схемалардын болушуна байланыштуу.

Өкмөт башчы ошондой эле белгилегендей, кайрадан жаңы түзүлгөн мекемеге кызматкерлерди алуу компетенттүү жана коррупцияга аралашпаган кадрларды тартуу үчүн ачык сынактык негизде өткөрүлүшү кажет.

«Үстүбүздөгү жылдын ноябрында унааларды каттоо тутумунда аныкталган коррупциялык механизмдер жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат принциптерине жана өлкөнү санариптештирүү чараларына эч дал келбейт. Жакынкы убактарда бардык даярдык иш-чараларын аяктоо жана кызматкерлерди алууга ачык сынак өткөрүү зарыл», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр МККга унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүүнү оптималдаштырууну, ошондой эле аларды алуу мөөнөтүн кыскартуу чараларын көрүүнү тапшырды.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, УКжАККД жана МКК караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери автоматташтырылган тутумдардын ишин жана бизнес процесстерди оптималдаштырууну үзгүлтүккө учуратышкан. Негизги себеби – мыйзамсыз финансы каражаттарын иштеп табууну шарттаган мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүүнүн жана унаа жана айдоочулук күбөлүк боюнча маалыматтарды бурмалоонун мүмкүн эместиги болуп саналат.

Мындан тышкары «Унаа» ММ түзүү бир катар маселелерди чечүүнү шарттай турганы айтылды, алсак:

- транспортук каражаттарга каттоо документтерин берүүдө, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка бланкалык продукцияларды персонификациялоодо бирдиктүү терезени түзүү;

- мамлекеттик тейлөө кызматын алуучулар менен аткаруучулардын физикалык өз-ара аракеттешүүсүн калкты тейлөө борборлору аналогиясында жоюу.

Буга катар ал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

- кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калкка социалдык маанилүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык жабдуу маселесин чечүү;

- ишти үзгүлтүксүз өркүндөтүү максатында жаңы маалыматтык технологияларды каржылоо;

- айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди кабыл алууга жана өткөрүүгө белгилүү жактарды кое берүүдө адамдык факторлордун жоюулушу;

- катталган транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамдын актуалдуу маалыматтык базасын түзүү;

- транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоого алууга жоопкер ведомствого караштуу бир органды түзүү.

Пикир

Оставить комментарий