• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Унаалардын алдына чуркап чыккан бишкектиктер: Бир сааттын ичинде 12 адам айыпка жыгылды

Коом 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн бир сааттын ичинде “МАИ кызматкерлери” туура эмес жерде жолду кесип өткөн 12 адамга айып салды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, бүт өлкө боюнча “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө.

ЖКККББнын өкүлдөрү билдиргендей, мындай чараларды колдонуу керек, анткени былтыр жол кырсыгынын 54,4% дал ушул жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон.

КР административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин 247-беренесине ылайык, жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө карата айып пул 500 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий