• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Унаалардын милдеттүү техникалык кароосу керек – Саркулов

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда милдеттүү техникалык кароодон кооптуу жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар өтөт. Бул тууралуу парламентте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Ал белгилегендей, калган унаа ээлери автоунааларын техникалык кароодон өз каалоосу менен өткөрөт.

Анын айтымында, бажы биримдигинин техникалык регламенти боюнча техникалык кароо керек.

"Бул боюнча ИИМ өкмөткө өзүнүн сунуштарын берген. Бирок азыркы күндө бул маселе чечилбей келе жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, унааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү 2012-жылы жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий