• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Унааны башкарууга келишим кат, техкароодон өтүү 1-декабрдан баштап күчүнө киреби? Жооп

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унааны башкарууга келишим кат, техникалык кароодон өтүү 1-декабрдан баштап күчүнө кирет деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, WhatsApp каналдары аркылуу унаа башкарууга келишим кат, унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жана башка мыйзамдар 2021-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирип иштей баштайт. Текшерүүлөр жүрүп, унаалар милиция кызматкерлери тарабынан атайын токтотуучу жайларга киргизилет, чаралар көрүлөт деген аудио маалыматтар таркатылууда.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айрым мыйзам ченемдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жаткандыгын жана 2021-жылдын 1-декабрынан баштап президенттин жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси” күчүнө кирип иштеп баштай тургандыгын, ал кодекстин 193-беренесине ылайык, мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (17 миң 500 сом) айып салууга же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келе тургандыгын жана ушул эле кодекске башка кошумча өзгөрүүлөр киргизилгендигин, ал эми аудиодо айтылгандар чындыкка жатпай тургандыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий