• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Унааны ишеним кагаз менен алгандар жана автоунаа ээлери үчүн "Издейм сени" кызматы иштейт

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы бири-бирин издеген автоунаа ээлери менен унааны ишеним кагаз менен айдап жүргөндөр үчүн "Издейм сени" кызматын ишке киргизет.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке кириши менен Каттоо кызматына кайрылгандар көбөйгөн. Алардын көбү ишеним кагаз менен унааны айдап, автоунаанын ээсин же автоунаанын ээси болуп, учурда унааны ишеним кагаз менен айдап жүргөн адамды кайра каттатуу үчүн издегендер болууда.

Мындан улам Каттоо кызматы аларды табыштырып, бул маселени чечүү үчүн "Унаа каражатынын ээсин издөө" кызматын ишке киргизген.

Унаа ээсин же унааны ишеним кагаз менен алган адамды табуу үчүн жарандар https://portal.srs.kg/ru/service/29c72dcb-9229-44c0-aba3-0bf984e611c7 шилтемеси аркылуу Каттоо кызматынын сайтына кирип, өзүнүн билдирүүсүн калтыра алышат. Билдирүү калтыруу үчүн катталуунун кереги жок.

Кошумча суроолор боюнча 119 кыска номерине чалууга болот. Чалуу акысыз.

Кошумча маалыматты Каттоо кызматынын сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий