• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Унааны жолдун жээгине калтырбаңыз. Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүүдө, - деп кабарлайт Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол тыгындарынын алдын алуу максатында Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мэрияга караштуу "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жолдо тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагында жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды сүрүп тазалоо иштерин алып барышууда.

Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тосколдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы жолдорду тазалоо иштери түнкүсүн да уланаарын эскертип, карды сүрүп тазалоодо тоскоолдук жаралбашы үчүн айдоочулардан автоунааларды жол жээгине токтотуп кетпөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий