• 84.8
  • 96.92
  • 1.12

Бишкекте унаанын дөңгөлөгүн жарууга аракет кылган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Унаанын дөңгөлөгүн жарууга аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-декабрда милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 10:00 чамасында Б.Баатыр жана Бөкөнбай көчөлөрүнүн кесилишинен эки жаран мушташып жаткандыгын көрүшкөн.

Кайгуул кызматкерлери ошол дарекке ошол замат келип, урушту токтотуу менен тактоо иштерин жүргүзүү учурунда, жол жээгинде токтоп турган таксисттин авто унаасын белгисиз жаран бычак менен жарууга аракет кылган. Ошол учурда таксисттин айдоочусу келген учурда ага да күч колдонууга аракет кылган.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.Ш. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий