• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Унаанын үстүнө түшкөн чатыр, кулаган бактар. Кечээки шамалдын кесепеттери

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Кечээ, 24-апрелде өлкө аймагында катуу шамал катталып, учурда райондук ЖК комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшөт,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Жал кичи районунда “Ниссан-Сирена” үлгүсүндөгү жеңил унаанын үстүнө турак үйдүн чатыры кулап түшкөн. Бактыга жараша айдоочу жабыркаган эмес;

Андан тышкары, Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулаган.

-Таллин кыска көчөсүндөгү №31-А турак үйүнүн 28м2 темир чатырын шамал учуруп кеткен.

- Аламүдүн-1 кичи районунда “Жасмин” кафесинин жанында бак кулап 1 эркек кишинин колун басып калган. Жабырлануучу медициналык тез жардам кызматынын унаасында ооруканага жеткирилген.

-Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде электр зым карагайы кулаган.

-Панфилов/Бөкөнбаев, Тыныстанов/Пушкин, Москва/Коенкөзов жана Махатма Ганди/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бактар кулаган.

“Райондук Жарандык коргоо комиссиялары жеринде тактоо иштерин жүргүзүштү. Чыгыш жана Батыш РЭТ мекемесинин авариялык бригадасы электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш алып барышты. Ал эми “Бишкекжашылдандыруу” МИ тарабынан кулаган бактарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий