• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Унаасынан 30 кг баңгизат табылган. Ошто баңгизат каналынын уюштуруучусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Ошто баңгизат каналын уюштурганы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңги затын сатуучу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат каналын уюштургандыгы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңги зат сатуучу Б.М.Ш. кармалды.

"2017-жылы атайын операциянын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып бөгөт коюлган. Анын натыйжасында Ош облусунун 1964-жылы туулган тургуну Б.М.Ш. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 30 кг болгон "гашиш" баңгизаты табылып алынган. Бирок кармоо учурунда Б.М.Ш. белгисиз тарапка качып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып келген", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалган Б.М.Ш. Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы №5-жазаларды аткаруу кызматынын тергөө абагына камалды.

Азыркы учурда баңги топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий