• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Унжу-Булак жергесиндеги абал туруктуу – Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 06.06.21. /Кабар/. 6-июнь, саат 15:30га карата Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Унжу-Булак жергесиндеги абал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурда жайгашкан ордуна алып кетүү аяктады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий