• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Урал мамлекеттик экономикалык университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Билим 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Россиянын Урал мамлекеттик экономикалык университети Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен юриспруденция, экономика, информатика, технологиялар, туризм багыттары боюнча кызматташууга кызыкдар.

ОшМУнун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай маалымат 4-апрелде Урал мамлекеттик экономикалык университетинин паралелдүү жана кошумча билим берүү программасынын директору Екатерина Шарова баштаган делегациянын ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда айтылды.

Тараптар билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу, студенттерге, магистрлерге кыскартылган программа менен окуп, тиешелүү билимдерге ээ болуу, окутуучулардын квалификациянын жогорулатуу курстарынан өтүү багыттары боюнча талкуулашты.

Делегация 6-апрелге чейин ОшМУнун факультеттеринде болуп, студенттер, магистрлер менен жолугат. Ошондой эле конок лекцияларды дагы өтүшөт. Ал эми жакынкы күндөрү Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору Силин Яковдун ОшМУга келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий