• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн Кыргызстанга 5,7 млн евро грант бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсебинин донорлор ассамблеясынын IV жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Борбор Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Донорлор ассамблеясынын жыйынында кабыл алынган Миң-Куш жана Шекафтар айылдарындагы мурдагы уран өндүрүшүндө рекультивациялоо боюнча эки долбоорду гранттык негизде каржылоого жалпы суммасы 5,7 млн евро өлчөмүндөгү каражат бөлүү чечими үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи кварталында башталат. Ошондой эле келерки жылдын экинчи кварталында Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайда рекультивациялык чараларды баштоо пландалууда», – деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, радиоактивдүү булгануулар курчап турган чөйрөгө жана туруктуу өнүгүүгө олуттуу таасир берет.

«Аймактагы радиациялык жана экологиялык коопсуздук көйгөйлөрүн, Кыргыз Республикасынын аймагында уран калдыктарын сактоочу жайлар маселесин чечүү биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ. Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен радиоэкологиялык коопсуздук маселелерин чечүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Лондондогу жолугушууда эл аралык финансылык донорлор, Европа Комиссиясы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы радиациялык коопсуздук маселелерин чечүүдөгү, эл аралык өнөктөштөр жана уюмдар менен кызматташууну координациялоодогу Кыргыз Республикасынын алдынкы ролун жана радиоактивдик булгануунун тобокелдиктерин жана кесепеттерин кыйла кыскартууга жетишилгенин белгилешти.

Маалымдама: 2015-жылдын майында Европа биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын демилгеси менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү фонду түзүлгөн.

Фонддун каражаттарына Борбор Азия аймагындагы үч республиканын жети радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайын рекультивациялоо боюнча чаралар ишке ашырылат. Алардын үчөө Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий