• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Урандынын алдында калган шахтерлордун абалы туруктуу – ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Урандынын алдында калган шахтерлордун абалдары туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 22-апрелде болжол менен саат 17:35тер чамасында Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр кенинде көчкү түшүп, 2 адам урандылардын алдында калган. Алар бир сутка өткөндөн кийин куткарылган.

“Бүгүн, 2017-жылы 24-апрелде болжол менен саат 12:00до Жыргалаңдагы көмүр кениндеги көчкүнүн алдында калган 2 шахтер Ак-Суу районунун аймактык ооруканасына жеткирилишип, оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды”,-деп айтылат билдирүүдө.

ССМдан билдиргендей, жабыркагандардын абалы туруктуу. Тиешелүү текшерүүдөн өтүштү. Жабыркагандар зарыл дары-дармектер менен толук камсыздалган, учурда дарланып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий