• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Урмамбетов ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда туу көтөрүү аземине катышты

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун туу көтөрүү аземине катышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары полктун кызматкерлерине кышкы формаларды ИИМдин жетекчилигинин атынан тапшырды.

Ошондой эле министрдин орун басары ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешмесине катышты.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары менен бөлүктөрүнүн командирлери 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти.

ИИМдин орун басары ыкчам кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан ички иштер органдарынын алдына коюлган милдеттерди белгилеп, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамынын ишмердүүлүгүн жаңылатуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата өздүк курам арасында кызматкерлердин саясий партиялардын үгүт иштерине аралашпоого, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жаатындагы айрым мыйзам актылары боюнча кошумча сабактарды өткөрүүнү баса белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө полктун командири А. Султаналиев кызмат башчылары жана бөлүк командирлери тарабынан кетирилген кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюун табыштап, өздүк курам арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту бекем сактоону, өз милдеттерине бекем болууну, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо ар бир кызматкердин алдына коюлган тапшырмаларды так, туура, ишенимдүү
аткаруусун тапшырды.

Андан сырткары, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жумшап, өздүк курамдын кесиптик жөндөмдөрүн, кыраакылыгын үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий