• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Урмат Насыкулов президент менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн курч маселелер тууралуу

Коом 0

Бишкек, 21.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-июль күнү президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге, дарыгерлерге жардам берип жаткан активист жана ыктыярчылар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда алар президентке суроо узатып, сунуштарын айтышты.

"Биз Барбыз" элдик штабынын негиздөөчүсү Урмат Насыкулов президент менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн курч маселелер тууралуу ой бөлүштү.

"Жолугушуу жакшы маанайда өттү. Ага ар түрдүү ыктыярчылык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мага ар курактагы адамдар, ар улуттун өкүлдөрү катышканы жакты. Маанилүү суроолор көтөрүлүп, айрым учурда курч маселелер, сындар айтылды", - дейт ал.

Жолугушууда дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси да көтөрүлгөн.

"Мен медицина кызматкерлерине кенемте төлөп берүү маселелсин көтөрдүм. Себеби буга чейин көп убадалар айтылып, бирок эч нерсе төлөнүп берген эмес.
Экинчи маселе - жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу. Себеби бизге ал боюнча көптөр кайрылды. Ошондой эле пандемиянын экинчи толкунуна даярдык көрүү маселеси көтөрүлдү. Бир маселе жөнүндө айтып чыккан дарыгерлерге кысым көрсөтүү болгону тууралуу маселе көтөрүлдү. Биз андай иштердин токтотулушун талап кылдык. Биз тескерисинче андай кишилерди колдоону сунуштадык", - дейт ал.

Насыкуловдун айтымында, айтылган сындарга карабай президент жолугушууга ыраазы болду.

"Буга чейин ал мындай нерселер үчүн жабык экени сезилчү. Унчукпай коюу кырдаалдын начарлашына алып келет. Ал ушундай кыйын кырдаалда четте турбай,
өзүнүн жакшы сапаттарын көрсөтүп, бир эле элге эмес, жарым-жартылай мамлекеттин айрым функцияларын өз мойнуна алып мамлекетке да жардам көрсөткөн ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди. Чаралар көрүлөт (айтылган маселелер боюнча - ред.) деп ишенели. Азыркы мезгил тез чечим чыгара турган учур. Себеби ар бир күн адам өмүрү менен байланышкан. Бул жагынан алганда ыктыярчылар максималдуу түрдө натыйжалуулугун көрсөттү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий