• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Уругвай командасы Египетти 1:0 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 15.06.18 /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол бюнча дүйнө чемпионатынын А группасындагы Египет менен Уругвай мамлекеттеринин курама командалары 15-июнда беттешти. Оюн 1:0 эсебинде Уругвайдын пайдасына чечилди.

1-таймдын 24-мүнөтүндө Уругвайдын чабуулчусу Суарестин тепкен тобу каршылашынын дарбазасына киргени менен офсайд абалында болуп чыкты. Алгачкы 45-мүнөтүндө кооптуу чабуулдар болгону менен гол киргизилген жок.

2-таймда Уругвай командасы байма-бай чабуулдарга чыгып жатты. 90-мүнөтүндө сол капталдан көтөрүлгөн топту Хименес башы менен сүзүп гол жаратты.

Эскерте кетсек, футбол чемпионаты 14-июндан 15-июль аралыгында Россиянын 11 шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий