• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Уругвайда марихуана легалдуу сатыла баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Уругвай марихуананы өстүрүүнү жана сатууну легалдаштырган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. 19-июлдан тартып ал дарыканаларда сатыла баштады. Анткен менен марихуана сатуу, өстүрүү мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Алдын ала катталган кардарлар бир аптада эки жолу 10 граммга чейинки баңги затын сатып алууга мүмкүнчүлүгү болот деп жазат “DW”.

Уругвай мамлекеттик каннабис институтунун берген маалыматына ылайык, учурда 5 миңге чукул жаран каттоодон өткөн, алардын 70% эркектер түзөт. Жаш курагы 30 дан 44кө чейинкилер.

Дарыканада бир грамм марихуананын баасы 1,30 долларды түзөт. Бул диллердеги баага салыштырмалуу арзан. Бийлик өкүлдөрү мындай ыкма менен баңги затын саткандарды бир жылда 7 миллион долларлык кирешеден куру калтырууну көздөшүүдө.

Уругвайда марихуананы өндүрүү мамлекеттин көзөмөлүнө алынган. Эки компанияга бир жылда эки тонна кара куурай өстүрүүгө уруксат берилген. Дарыканалардан тышкары марихуананы легалдуу жол менен алуунун эки жолун аныктаган.

Жарандар үйлөрүндө 6 даана кара куурай өстүрүүгө укугу бар. Ошондой эле, кара куурай өстүргөн топторго кошулса болот. Мындай топторго бир жылда 480 грамм марихуана колдонууга уруксат берилген.

Нидерландыдан айырмаланып, чет элдик туристтерге марихуана сатып алууга же аны чегүүгө тыюу салынат. Баңги затын легалдуу сатып алууга Уругвайдын жана ал жакта бир жылдан ашык жашаган жарандарына уруксат берилген.

Марихуананы жумуш учурунда, коомдук жайларда жана транспорт башкарууда колдонууга тыюу салынат. Бул жаңы мыйзамды сынагандар дагы жок эмес. Алар мыйзамды көзөмөлдөө кыйын экенин айтышууда. Ошондой эле, арзан марихуана сатылып алынып, кара базарда кайра сатылуу коркунучу бар деп эскертишет эксперттер.

Пикир

Оставить комментарий