• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Уруксат берүүчү документтерисиз акча алмаштыруу мыйзамсыз - Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуусуз, ошондой эле атайын жабдылган пункттардан (орундардан) тышкары жүргүзүү учурлары көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банк буга байланыштуу алмашуу операцияларын уруксат берүүчү документтерисиз жана атайын жабдылган пункттардан (орундардан) тышкары жүргүзүү мыйзамсыз болуп саналарын эскертет. Мындай операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.

Мындан тышкары, Улуттук банктын лицензиясы жок жеке жактардан чет өлкө валютасын алмашуу көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде бюджеттик түшүүлөрдү төмөндөтүп, өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирет.

Андан тышкары, жеке адамдардын жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүсү талап-тоноо жана/же алдамчылык сыяктуу терс натыйжаларга алып келиши ыктымал, ошондой эле жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн, анткени мындай алмашуу операцияларына криминалдык элементтер (жасалма акча жасоочулар, алдамчылар) катышуусу мүмкүн.

Коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын бөлүмдөрүндө жана КР Улуттук банкынын лицензиясына ээ алмашуу бюролорунда алмашуу операцияларын жүргүзүү кыйла коопсуз болуп саналат, анткени бул уюмдарга карата Улуттук банк жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон талаптарды белгилейт жана алардын ишине көзөмөл жүргүзөт.

“Эгерде сиз лицензиясыз ишти, анын ичинде атайын жабдылган пункттардан (жерлерден) тышкары жүзөгө ашырууга туш болсоңуз же күбө болсоңуз, бул тууралуу Улуттук банктын +996 501 89 00 00 номеринде катталган WhatsApp-каналына же mail@nbkr.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүнү өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү:

+996 (312) 61-45-78

+996 (312) 61-52-73

+996 (312) 61-52-78

Коомдук кабылдама: +996 (312) 61-04-86

Улуттук банк жарандарга эгер жасалма акча жасоочулардын, алдамчылардын жана башкалардын алдамчылыгына туш болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл экендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий