• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштеп баштады – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштеп баштады Бишкекте коменданттык саатты бузган 122 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

"Бүгүндөн тарта өткөрмө уруксат кагаздары Бишкек шаарындагы Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун ички иштер башкармалыктарында берилет. Учурда уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштеп баштады. Жарандар үйүнөн эле электрондук арызды толтуруп, уруксат кагазын алууга мүмкүнчүлүгү болот. Маалымат алуу үчүн 1312 кыска номерине чалууга болот (чалуу акысыз)", - деди ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий