• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Уруша кеткен: Ош базарда адамдын башына балта менен чаап жиберген шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ош базарында адамдын башына балта менен чаап жиберген шектүү жаран кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 4-октябрда болжол менен саат 16:40та "102" кызматына Ош базарда адамды уруп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган. 23 жаштагы П.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү арыз ээсинин атасы менен 40-45 жаштагы адам уруша кеткен. Жыйынтыгында белгисиз адам жигиттин атасынын башына темир балка менен чаап жиберген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 45 жаштагы Э.А. аттуу жаранды кармаган.

Шектүү Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий