• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

USAID балдардын тамактануу абалын жакшыртуу жана зыяндуу азыктарды чектөөдө ата-энелер менен кызматташууда

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. USAID ата-энелер менен бирге балдардын тамактануу абалын жакшыртып, зыяндуу азыктарды чектегенге жардам берет. Бул тууралуу АКШнын КРдагы элчилигинин билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткенде жана Жалал-Абадда энелердин жана балдардын ден соолугуна терс таасир тийгизген тамактануу адаттар боюнча изилдөө өткөрдү. Сурамжылоодо эки жашка чейинки балдардын толук кандуу эмес тамактануусу - витамин жана микроэлементтерге бай азыктардын ордуна көбүнчө “зыяндуу азыктарды” колдонулуусу байкалган. Бул изилдөөнүн негизгинде, долбоор ата-энелерге жаш балдарды туура тамактандыруу боюнча маалымат берүү боюнча иш алып барууда.

Сурамжылоого катышкан энелердин 90%га жакыны алардын 6 дан 23 айга чейинки балдары акыркы 24 саат ичинде момпосуйлар, таттуу токочтор, газдалган таттуу суусундуктар, чипсы сыяктуу “зыяндуу азыктарды” жегенин маалымдашкан. Мындай азыктарды көп колдонуу - бул балдардын бою өспөй калышына жана ашыкча салмакка алып келиши мүмкүн.

USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору эненин жана баланын ден соолугу чың болуусу үчүн толук баалуу тамактануу, гигиена жана санитария эрежелери боюнча Баткен жана Жалал-Абад облусунда маалымат берип жатат. Өткөн жылы долбоор 2 миңден ашык активисттерди тартып, туура тамактануу боюнча окуудан өткөрдү. Окуудан өткөн активисттер 17 миң кожолукка маалымат таратышты.

Андан тышкар, изилдөө алты айга чейинки ымыркайлардын жарымы гана жалаң гана эне сүтү менен багылганы көрсөткөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алты айга чеийнки ымыркайлар жалаң гана эне сүтү менен тамактанышы керек деп сунуштайт. Башка азыктар жана суу берүү баланын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.

“Менин эки балам бар жана мен балдарым 2-3 айлык кезинде суу же бир аз ботко берүүнү туура көрчүмүн. Эми 6 айга чейин бала барын эне сүтүнөн ала тургандыгын билдим”,- дейт Суркеева Айтурма, Жалал-Абад облусунун Бешик-Жон айылынын 22-жаштагы тургуну. Ал USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоорунун жолугушуусуна катышкан.

Жаңы изилдөөгө ылайык, Баткенде 6-23 ай курагындагы балдардын 18%ы гана минималдуу керектуу азыкты алат экен. Бул жаш балдар сүт азыктары, жер-жемиштер, буурчак өсүмдүктөрү жана жаңгактар, эт азыктары, жумуртка, жашылчалар сыяктуу түрдүү тамак-аштын жардамы менен витаминдерди жана пайдалуу элементтерди ала албайт дегенди билдирет. Жетишсиз тамактануу ымыркайлардын жана балдардын толук кандуу интеллектуалдык жана физикалык өөрчүшүнө бөгөт болот.

USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткен жана Жалал-Абад областтарындагы аялдардын жана балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган. Долбоор баланын жашоосундагы алгачкы 1 миң күнгө - анын кийинки өмүрүнө пайдубал түзгөн, акыл-эси өөрчүп баштаган мезгилге - өзгөчө көңүл бурат. Долбоор калктын арасында толук баалуу тамактануу адатын киргизүүгө умтулат. “Мыкты азыктануу” медициналык кызматкерлердин тамактануу боюнча кеңеш берүү дареметин күчөтүү боюнча да иш да алып барат.

Маалымат үчүн: Бул изилдөө USAIDдин "Мыкты азыктануу” долбоору үчүн M-Vector уюму тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында өткөрүлдү. Долбоор Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2,091 эки жашка чейинки балдары бар энелердин арасында сурамжылоо жүргүздү. Ковид-19 пандемия кырдаалына караштуу, бардык интервьюлар телефон байланыш аркылуу (CATI) программасы менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий