• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

USAID Борбор Азияда 19 млн долларлык жаңы беш жылдык долбоорду жарыялады

Экономика 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда ишке ашырыла турган 19 млн долларлык жаңы беш жылдык долбоорду жарыялады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Жаңы долбоор буга чейинки жетишкендиктерге негизделип, аймактык соода, ишканаларды өнүктүрүү жана регионалдык байланышты күчөтүүгө багытталат.

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер долбоорду кубаттап: “Борбор Азиянын кайрадан дүйнөлүк соода борбору болууга мүмкүнчүлүгү бар. Долбоор Борбор Азиянын аймактык жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Биз товарлардын тезирээк жүгүрүшүнө жана жаңы рыноктордун ачылышына жардам берүү үчүн министрлер кабинети жана кыргыз ишкерлери жана компаниялары менен өнөктөш болууну чыдамсыздык менен күтөбүз”, – дейт.

Долбоордун алкагында үч стратегиялык максатка жетүү үчүн USAID мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жардам көрсөтөт. Биринчиден, долбоордун иши бажы жана чек ара процедураларын шайкеш келтирүү үчүн чыгымдарды азайтуу жана күтүү убактысын кыскартуу жана региондогу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.

Экинчиден, долбоор өсүшкө түрткү бере турган жана инвестицияларды көбөйтө турган пайдалуу реформалар боюнча мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы диалогду жеңилдетет. Үчүнчүдөн, долбоор Борбор Азия чөлкөмүндө жана аймактан тышкары жайгашкан кызыкдар болгон тараптардын соода байланыштарын жогорулатууга өбөлгө түзүп бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий