• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

USAID БАда соода жана иш менен камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктерди белгилейт

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) беш жылдык регионалдык атаандашуу жөндөмдүүлүгү, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоордун ийгиликтүү аяктаганын белгиледи. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Борбор Азиядан экспортко жана жашылча-жемиш, транспорттук-логистикалык жана туристтик секторлордо иш менен камсыз кылуунун жогорулашына шарт түздү.

Долбоор туристтик ассоциациялар, туризм боюнча улуттук комитеттер жана туризмди илгерилетүү боюнча жеке сектордун 400дөн ашык өкүлдөрү менен тыгыз өнөктөштүктө иштеди. Мисалы, социалдык медиадагы кампаниялар, анын ичинде эл аралык WideOyster журналындагы Борбор Азия жөнүндө атайын чыгарылыш дүйнө жүзү боюнча 24 миллиондон ашык көрүүгө жетти.

Бул долбордун алкагында, USAID Кыргыз Республикасынын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн туристтик обьекттеринин жогорку сапаттагы 3D-панорамалык карталарын түзүүгө жардам берди. Ошондой эле USAID 31 жаңы жөө жүрүү маршруттарын иштеп чыгып, анын кеңири сүрөттөмөсүн жарыялады. Ал жөнүндө маалымат миллиондон ашык потенциалдуу туристтерге жеткизилди. Бул аракеттердин аркасында эл аралык Lonely Planet басылмасы Борбор Азияны 2020-жылдын январына карата дүйнөдө мыкты туристтик регион деп атады.

USAID долбоору экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшүү, бизнести өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн Борбор Азияда 34 инновациялык долбоорго $1,97 миллион гранттык колдоо көрсөттү. Бул колдоо менен өнөктөш компаниялар 634 жаңы жумуш ордун түзүүп, 37 жаңы рынокко чыга алды. Мисалы, Кыргыз Республикасынан чыккан «Ecomarket» компаниясы куурулган буурчакты жана кой буурчакты өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жаңы жабдуу алды. Бул компанияга өндүрүштүн көлөмүн эки эсе көбөйтүүгө жана өлкөдө тоют буурчактарын ири экспорттоочулардын бири болууга жардам берди. Бул кеңейтүү Ecomarket компаниясына буурчак жеткирген 500дөн ашык фермерге дагы пайда алып келди.

USAID жана өнөктөштөр Борбор Азиялык соода форумун түзүштү. Долбоор форумду таанымал бренд болушуна жардам берди, ал региондук сооданы жогорулатуу максатында өнөктөштүк мамилелерди жолго салуу үчүн 16 минден ашык бизнес өкүлдөрүн тартты. Ар жылдык форумдардын жүрүшүндө $88 миллиондон ашык суммага рекорддук сандагы келишимдерге кол коюлду.

Форумду өткөрүүдөн тышкары, долбоор Транспорт жана логистика боюнча өнөктөштүктү түздү. Ага Борбор Азиядагы 150 ири транспорттук-логистикалык союздар жана жеке компаниялар кирди. Өнөктөштүк соода тоскоолдуктарын жоюуга, товарлардын агымын жакшыртууга, региондук атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорт жана логистика чөйрөсүндө иш менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган реформаларды сүрөмөлөөдө жеке сектордун жактоочуларына активдүү колдоо көрсөтөт.

Жалпысынан, USAID акыркы 20 жыл ичинде Борбор Азиядагы сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келет жана региондук кызматташтыкты, бизнести кеңейтүү жана калкы үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча өзүнүн программаларын улантат.

Пикир

Оставить комментарий