• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

USAID Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом бөлүп берди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом (2,5 млн АКШ доллар) бөлүп берди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Каражат медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана COVID-19га байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат. Бул иш багыттары КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР өкмөтү менен кеңешүү аркылуу аныкталган.

Жардам Abt Associates уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугу” долбоору аркылуу берилет. Бул долбоор бейтапканаларга жана башка медициналык уюмдарга инфекцияны алдын алуу жана таралышын токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жардам берет. Жаңы бөлүнгөн каражат КР өкмөтүнүн COVID-19дун жаңы учурларын аныктоо жана калкты бул жаңы коронавирус жөнүндө маалымдоо боюнча аракетин күчөтүүгө багытталат. Керек болгон учурларда илдет менен күрөшүү үчүн кошумча медициналык каражаттарды сатып алууга да багытталат.

USAID буга чейин да Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө акчалай каржат бөлүп жана материалдык колдоо көрсөтүп келген. Март айында USAID өлкөдөгү медициналык кызматкерлерге өздүк коргонуу каражаттарын өткөрүп берген. Андан тышкары, пандемияга каршы алгкачкы аракеттерди колдоого 95 млн сом (1,23 млн АКШ доллары) бөлгөн.

COVID-19 илдети жайылып баштагандан бери АКШ өкмөтү дүйнө боюнча бул илдет менен күрөшүүгө 1,5 млрд АКШ долларын бөлдү.

1992-жылдан бери АКШ Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн колдоо үчүн 2,1 млрд АКШ долларын бөлүп берген. Анын ичинде 132 млн доллары саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий