• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

USAID жана өз алдынча башкаруу органдары жарандар үчүн жергиликтүү кызматтарды жакшыртууда өнөктөштү

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. 4-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эң ири конференция - Аймактар форуму болуп өттү. Форумда USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоору 50 айыл өкмөтү жана мэриялар менен өнөктөштүгүнүн жыйынтыктары менен бөлштү. Акыркы беш жылдын ичинде долбоор он миңдеген кыргызстандыктар үчүн жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга жардам берди.

Таштандыларды чогултуу жана чыгаруу, ичүүчү сууга жеткилик, көчөлөрдү жарыктандыруу, музыкалык ийримдер жана спорттук секциялар жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү эң көрүнүктүү кызматтар. Бул кызматтар жарандардын күнүмдүк жашоосуна таасир этет. Андыктан, бул долбоордун алкагында USAID өлкө аймагындагы муниципалитеттер менен иштешип, кызматтарды жакшыртууга жардам берди.

Мисалы, 24 муниципалитеттин 31 миңден ашуун жашоочулары таза ичүүчү сууга жеткилик алышты. Долбоор бул муниципалитеттерге жаңы тарифтерди иштеп чыгууга, жашоочулар тарабынан колдоо алууга жана суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга жардам берди. Муниципалитеттерде кошумча киреше пайда болуп, алар суу тутумдарын техникалык тейлөөгө жана аларды кеңейтүүгө инвестиция катары жумшалууда.

"Долбоор менен кызматташуунун натыйжасында, биз Араван жана Маданият айылдарынын жашоочулары үчүн ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатын жогорулата алдык. Биздин жарандар сууну азыр кыйла сарамжалдуу пайдаланып калышты", - деп белгилейт Ош областындагы Алля Анаров атындагы муниципалитеттин башчысы Жалолидин Нурбаев. – "Андан тышкары, таза суу кеңири колдонулуп баштагандан бери ашказан-ичеги оорулары азайганын байкадык".

Жаңы ыкмаларды киргизүү тогуз муниципалитеттин 23 миңге жакын калкы үчүн таштандыларды чогултуу жана ташып чыгуу кызматтарынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү. 24 муниципалитетте 3,2 миңден ашуун балдар жана өспүрүмдөр жакшы шарттар түзүлгөн спорттук секцияларга жана ийримдерге барууга мүмкүнчүлүк алышты. Жергиликтүү бийлик мындай ийримдердин ишин натыйжалуу уюштуруп, машыктыруучуларды жана окутуучуларды жалдашты.

USAIDдин Кыргызстандагы директорунун милдетин аткаруучу Алдер Бартлеттин сөзү боюнча долбоор дагы бир маанилүү өзгөрүшкө алып келди. «Бул көз караштын өзгөрүшү. Биздин өнөктөш муниципалитеттер жарандардын турмушун жакшыртуу үчүн, дайыма эле кошумча каражаттар талап кылынбай тургандыгын көрүштү. Чыгармачыл мамиле жана натыйжалуу башкаруу менен калктын жашоосун кошумча каражаттарсыз жакшыртууга болорун көрдүк", - деди Алдер Бартлетт.

USAID Кыргыз Республикасы менен жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү багытында 25 жылдан бери иштешип келет. Күчтүү муниципалитеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртууга өз салымын кошот.

Пикир

Оставить комментарий