• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

USAID'дин долбоорунун кызматкерлери Улуттук фтизиатрия борборунун медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарын берди

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. USAID'дин "Кургак учукту дарылоо" долбоорунун кызматкерлери Улуттук фтизиатрия борборунун медицина кызматкерлерине коргоочу кийимдердин комплектин берди. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунан билдиришти.

Медицина кызматкерлеринин көп жолу колдонулуучу костюмдарын дезинфекцияоочу каражаттар менен дайыма тазалангандыктан аларда аллергия пайда болуп жатканын уккан USAID'дин "Кургак учукту дарылоо" долбоорунун кызматкерлери өз каражаттарына Улуттук фтизиатрия борборунун медицина кызматкерлерине атайын коргоочу кийимдин 55 комплектин алып берген.

"Бир жолу колдонулуучу костюмдар колдонулгандан кийин жок кылынат. Анын ичинде кийилген кийимдер дайыма хлор менен тазалангандыктан бат тозуп, аллергияны пайда кылат. Ошондуктан атайын кийимдерди алып берген долбоордун кызматкерлерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - дейт терапия бөлүмүнүн башчысы Кундуз Токторгазиева.

Башкы дарыгер Бердибек Сейилкановдун айтымында, USAID'дин "Кургак учукту дарылоо" долбоору пандемия башталган биринчи күндөн тарта аларга жардам көрсөтүп келет.

USAID'дин "Кургак учукту дарылоо" долбоорунун кызматкерлери коронавирус менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн Кыргызстандын бардык медицина кызматкерлерине, анын ичинде Улуттук фтизиатрия борборунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий