• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Усэйн Болт футболдогу карьерасын жыйынтыктады

Спорт 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Ямайкалык жеңил атлет Усэйн Болт футболдогу карьерасын жыйынтыктады, деп жазат Goal.com порталы. Акыркы кезде Болт Австралиялык "Сентрал Кост Мэринерс" футбол клубунда машыгып жүргөн.

"Абдан жакшы тажрыйба болду, мага команда менен бирге болгон жакчу. Бул жеңил атлетикага салыштырмалуу таптакыр башка нерсе. Мен команданын курамында ойноп жүргөндө чындыгында эле ырахат алчумун", – деди 32 жаштагы спортчу.

Эске салсак, 2018-жылдын августунда Усэйн Болт Австралиялык "Сентрал Кост Мэринерс" футбол клубу менен келишим түзгөн. Анын негизинде, Болт команда менен чогуу машыгууга жана кийин профессионалдык контракт түзүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бул клуб үчүн Болт эки жолу оюн талаасына чыгып, эки гол киргизген.

Кийинчерээк клубдун жетекчилиги Болт менен контракт түзүүдөн баш тарткан.

Усэйн Болт жеңил атлетика боюнча Олимпиаданын 8 жолку, дуйнөнүн 11 жолку чемпиону. 100 жана 200 метр аралыктарга чуркоодо дуйнөнүн рекордсмени.

Маалым болгондой, Болт 2017-жылы жеңил атлетикадагы карьерасын бүтүрүп, акыркы эки жылын футбол тармагына арнаган. Спортчунун пикиринде, өзү каалагандай жыйынтык болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий