• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ушаков: Ак илбирс азыктанган 4 жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салуу зарыл

Коом 0

Бишкек, 17.08.17. /Анархан Алтымышова - Кабар/. Кыргызстанда Ак илбирсти сактап калыш үчүн ага жана ал азыктанган 4 жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салуу зарыл. Бул тууралуу «Ак илбирстин изи менен» долбоорунун негиздөөчүсү Владислав Ушаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанды байырлаган Ак илбирстердин так саны анык эмес. Болжолу менен 300гө жакын экени айтылып келет. Бирок андан дагы аз болушу ыктымал. “Ак илбирс эн аз изилденген жана сейрек кездешүүчү жаныбар. Такталган маалыматтарга ылайык, бүткүл дүйнө боюнча илбирстин саны болгону 4000 миңден 6500гө чейин жетет. Ал эми Кыргызстанда анын анык саны белгисиз. Болжолу менен алардын саны араң 300гө жетет. Андан дагы аз болушу толук ыктымал. Кыргызстанда илбирсти сактап калыш үчүн ага жана ал тамактанган 4 жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салуу зарыл. Бирок сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылууга тоскоолдук кылган мыйзам жокко эсе. Маселен бир жарым ай мурун Кантта илбирстин териси жана аюунун эки териси, башы менен бир жаран кармалган. Андан тышкары, дагы бир ак илбирстин териси менен Ысык-Көлдө мергенчи кармалган. Бирок аларга эч кандай чара көрүлгөн эмес, болгону айып пул салынган. Керек болсо алардын кайра мылтыктарын кайтарып беришкен. Ошондуктан ак илбирсти эл аралык форум, маалымат жыйындарды өткөрүү менен токтото албайбыз”,-деди Ушаков.

Ошондой эле, Владислав Ушаков ак илбирсти сакташ үчүн алгач аларга адамдардын мамилесин өзгөртүү зарыл экенин белгиледи. “Мисалы Кытайда панда жаныбары мамлекеттик көзөмөлгө алынган. Ага кол салгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кытайлар панданы башка мамлекеттерге, тагыраагы АКШ, Канада сыяктуу өлкөлөргө ижарага беришет. Алар панданы зооппарктарына алып барып коюшат. Бирок аны кайра Кытайга эч зыян келтирбестен кайтарып беришет”,-деди Владислав Ушаков.

Белгилей кетсек, 23-25-августта Бишкекте ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум өтөт. Форумга ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкмөт башчылары жана өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Андан тышкары эл аралык жана донорлук мекемелердин, жаратылышты коргоо жана илим изилдөө уюмдарынын өкүлдөрү дагы келишет. Иш-чара ак илбирсти коргоо ишин күчөтүү жана 2020-жылга чейин ак илбирсти 20 ландшафт менен камсыз кылуу планын колдоо иретинде уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий