• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кредиттик макулдашууну жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болгон. «Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», - деди ал.

Депутат Улан Примовдун пикиринде, буга чейин сатылып алынган электр эсептегичтер ар түрдүү, баасы дагы ар кандай, сапаты начар болгондуктан, башаламандык өкүм сүрүп келген. Ошондуктан, аларды бирдей стандартка өткөрүү зарыл. Ал өлкө аймагы индукциялык электр эсептегичтери качан толук жабдылып бүтөрүнө кызыкты.

Баяндамачы өткөн жылы Улуттук энергохолдинг «акылдуу» эсептегичтердин бирдей стандартын бекиткенин, азыр ошол талап сакталып жатканын билдирди. «Азырынча каражат тартыш болгондуктан, адегенде эски, тезникалык жоготуулар жогору болгон жерлерде алмаштырылып жатканын, бара-бара башка кардарлар да жабдыла баштай турганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий