• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ушул жумада кыргызстандыктар 4 күн эс алышат

Коом 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Кыргызстандыктар 4 күн катары менен 31-августтан 4-сентябрга чейин эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

31-август – Эгемендүүлүк күнү Кыргызстанда иш күн эмес.

Андан сырткары, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан (КМДБ) 1-сентябрь Курман айт майрамы экендигин билдиришти.

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, Курман айт майрамына карабастан 1-сентябрьда мектептерде класстык сааттар өткөрүлөт. Сабактар болсо 4-сентябрьдан тарта окутула баштайт.

Пикир

Оставить комментарий