• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ушул жылдын эки айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 47 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 47 млрд сомдон ашык сумманы түзүп, былтыркы жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1,5%га азайды. Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди

Анын айтымында, төмөндөө химиялык продуктуларды (11%га), резина жана пластмассадан жасалган буюмдарды, башка металл эмес минералдык продуктуларды (9%га), негизги металлдарды жана машиналарды кошпогондо, даяр металл буюмдарын өндүрүүнүн төмөндөшү менен шартталган.

Ал белгилегендей, курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 1,9%ды, айыл чарбасында 2%ды, дүң жана чекене соодада 6,3%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий