• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ушул жылы Россияда кыргыз мигранттары таштап кеткен 7 бала мекенине жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз мигранттары тарабынан чет өлкөдө таштап кеткен балдарды Кыргызстанга алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын башынан бери Россиядан Кыргызстанга 7 бала алынып келинген.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова учурда Кыргызстанга дагы 21 баланы алып келүү боюнча иштер жүрүүдө экенин айтат. Алардын үчөөсү Казакстанда, бирөө Түркияда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий