• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УСИИ директору Асизбаев: Бийлик кризиске жакшы чара көрдү

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйыны өттү. Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсунүн жыйынтыгы тууралуу отчету угулду.

Бир катар маселелер жана буга чейин ишке ашырылган жана учурда иш жүзүнө ашыруу процессинде турган долбоорлорду, антикризистик планды ишке ашырууну талкуулоо дагы маанилүү маселелердин бири болду. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) директору Рустам Асизбаев жыйын тууралуу өз ою менен бөлүштү.

“Акыркы жарым жылда ИПДнын өсүүсү 6,3%ды түздү, бул 335 млрд сомду түзөт. Бул акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Өнөр жай 14,6%, айыл чарбасы 2%, курулуш 3,4%, кызмат көрсөтүү 4% өстү. Инфляциянын деңгээли 9,1% түздү. Бул көппү же азбы? Жыл башында инфляциянын деңгээли 13%ды түздү, апрелде 14,5%, майда 13,1%, июнда 13,1% түздү. Жыл аягына чейин инфляциянын деңгээлин кантип божомолдоого болот деген суроо көп берилет. 6-8%дын айланасындагы инфляциянын деңгээли кандай болгон күндө да болот деп ойлойм. Бул каалайбызбы, каалабайбызбы дүйнөлүк тенденция”, - деди адис.

Анын айтымында, Кыргызстанда инфляциянын бир катар негизги себептери бар. Бул дүйнөлүк рыноктогу туруктуу өсүү, күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы. Ошондой эле буудайдын дүйнөлүк баасы дагы өстү, ал мындан ары дагы өсө берет.

Асизбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин ийгиликтүү отчет берүүсүнүн негизги себеби – антикризистик пландын аткарылышы болду. Ага 126 млрд сом бөлүнгөн, анын ичинен пенсияны көтөрүүгө 2 млрд сом, бюджеттен каржылануучу кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө 32 млрд сом бөлүндү.

“Белгилей кетүүчү жагдай, үрөн сатып алууга, айыл чарбасына, чакан жана орто бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүндү. Министрлер кабинетинин өзгөчө эмгеги – бир катар продукцияларды КНСтен бошотуу. Бул инфляциялык процесстерди кыскартууда маанилүү роль ойноду. Бир катар бюджеттик кызматкерлер айлык акынын көтөрүлүшүн күтүп жатканын унутпашыбыз керек. 11 жылдан бери мындай индексация болгон эмес. Бул жолу министрлер кабинети кризиске каршы жакшы чара көрдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий