• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Усман Дембеле тартип маселесине байланыштуу "Барселонадан" мөөнөтүнөн мурда кетиши мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Испаниялык "Барселонанын" чабуулчусу Усман Дембеле тартип маселесине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда клубдан кетиши мүмкүн.

21 жаштагы француз оюнчусу бир нече жолу машыгууларга кечиккен, деп жазат sovsport.ru.

Футболчунун тартибине нааразы болгон клубдун жетекчилиги Дембелеге талап коюп, эгер ал өз тартибин оңдобосо, "Барселонанын" экинчи командасына которулуп, 2019-жылы жайында башка клубка сатылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин жаш футболчуну англиялык "Ливерпуль", "Арсенал", "Челси" же "Манчестер Юнайтед" сатып алышы мүмкүн деп айтылып жүргөн.

Эске салсак, Дембелени каталондук клуб 2017 жылы "Боруссия Дортмунддан" 105 млн еврого сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий