• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Усубалиевдин 100 жылдыгы: "Саясат энциклопедиясы" аталышындагы 8 томдук китеп жарык көрдү

Коом 0


Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Жакында Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата "Саясат энциклопедиясы" 8 томдук китеби жана журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган "Журналистика энциклопедиясы" 2 томдук китеби жарык көрүп, "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында ал эки китептин бет ачары болуп өттү.

Сегиз томдуктун автору Кыргыз-орус Славян университетинин окутуучусу, профессор Аттокур Жапановдун айтымында китеп алгач 14 том болуп түзүлгөн. Ал китепти 10 жыл мурун Турдакун Усубалиев менен болгон жолугушуудан кийин жаза баштаган.

"Бүгүнкү күнгө чейин материалдарды чогултуп отуруп, 14 томдон турган китеп түзүлгөн. Кийинчерээк кыскартып 8 томго түшүрдүк. 1-томдун алгачкы 30 бетине Усубалиевдин өз колу менен жазган жазмаларын койдум", - дейт Жапанов.

Китептин автору белгилегендей "Саясат энциклопедиясы" китебинде саясат боюнча бардык маалыматтар камтылган.

"8 томдук китепте саясатка байланышкан терминдер, түшүндүрмөлөр жана башка маалыматтар камтылган. Анда чет өлкө президенттери тууралуу маалыматтар да бар. Томдуктун ичинде улуттар тууралуу, атап өтсөк еврей улутунун таржымалы, Египет өлкөсү жөнүндө жазылган. Ал эми, "Журналистика энциклопедиясы" 2 томдук китебинде журналисттиканын таржымалы жана керектүү кеп-кеңештер берилген", - дейт ал.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, жарнама жана терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов китептин автору тууралуу сөз кылып, Жапанов 200гө жакын китеп жазганын айтып өттү.

"50 жашка чыкпай жатып 200дөй китеп чыгаруу оңой эмес. Аттокур Жапанов көп иш аткарган, өзгөчө сапатка ээ болгон адам. Китепке көз жүгүртүп көрсөк баардыгы өз ордунда жасалган. Бул инсанды "энциклопедия адам" деп атаса болот", - дейт Молдоканов.

Жапанов белгилегендей, эки китеп 100 нускада жарык көрүп, баасы 500 сом турат.

Пикир

Оставить комментарий