• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Усубалиевдин 100 жылдыгына карата сыйлык уюштурулду – сыйлыктын бири президентке тапшырылат

Коом 0


Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында коомдук сыйлык – Турдакун Усубалиев атындагы диплом жана медаль түзүлдү. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коомдук комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, алар кийинки жылы аяктайт.

"Медаль Россияда даярдалат. Усубалиевдин атындагы сыйлык мамлекеттик ишмер өзү иштеген кесиптер боюнча түзүлөт. Сыйлык жылына бир ирет Усубалиевдин туулган күнүндө – 6-ноябрда ыйгарылып турмакчы. Биринчи медаль жана диплом менен президент Сооронбай Жээнбеков сыйланат. Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында Нарында анын айкели орнотулуп, ысымы көчөлөргө коюлуп, илимий-практикалык конференциялар ж.б. өттү.", - дейт ал.

"Биз бирге" (Россия) эл аралык кызматташуу ассоциациясынын президенти Жыргалбек Белеков белгилегендей, медалды даярдатууну уюм өз моюнуна алган.

Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча коомдук комитеттин мүчөсү Таалайбек Жумадыловдун билдиргени боюнча, медаль сапаттуу материалдан жасалып, ал алтынга буулатылган.

"Комитеттин чечими менен сыйлык Усубалиев эмгектенген үч кесип боюнча үч наам боюнча ыйгарылат. Биринчиси мугалимдерге, экинчиси массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө, ошондой эле мамлекеттик ишмерлерге берилет. Кийинки жылдан тарта медаль, диплом менен бирге акчалай сыйлык бериле баштайт. Бул жылы медалды 9 киши алат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий