• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу - министрлик

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын барынын абалы жакшы, туруктуу. Борбор шаардагы стационарларда дарыланышууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-апрелде Бишкек травматология жана ортомедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен үй-бүлөлүү жуптар 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда келген. Бейтаптардын айтымында, дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкен жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөн. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, азыр интенсивдүү терапия уланууда.

Ошондой эле 20-апрель күнү “Таз жардам” кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала “Белгисиз затка ууланган” деген диагноз коюлган. Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.

Учурда Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунда ууланууну аныктоо максатында лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүрүп жатат.

Мындан мурда, 16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинин маалымат жыйынындагы түз эфирде коронавирусту дарылоодо жардам берет деп уу коргошундун тундурмасын ичип көрсөткөн. Ошол эле учурда ал тундурманы белгилүү бир дозада даярдап, ысык гана колдонуу керектигин айткан.

Пикир

Оставить комментарий