• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Уурдалган малдын этин Бишкектин базарларынын биринде сатууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Нарын районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал уурдалган малды союп, этин базардан сатып жиберген.

Нарын районунун тургуну 1977-жылы туулган Н.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, 2021-жылдын 24-декабрь күнүнөн 25-декабрь күнүнө караган түнү белгисиз себептер менен 1 баш малы (уй) короодон чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын айтып, табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Аталган билдирүү Нарын РИИБ тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын районунун тургуну 1988-жылы туулган Ж.Б. кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Сурак учурунда шектүү уурдалган малды союп, этин Бишкек шаарындагы базарлардын биринде сатып жибергенин билдирген.

Милициядан билдиргендей, бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий